super.kg logo

Бир суткада коронавирустан 3 адам каза болду. Анын бири аял киши, экөө эркек

 

Өлкөдө коронавирустан 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Ош облустар аралык ооруканасынан 1961-жылы туулган аял киши каза болду. Ал Ош шаарынын жашоочусу. Бейтап 15-июнда Ош облустук клиникалык ооруканасына жаткырылган. Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, кечээ күнү каза болуп калган.

Кара-Суу районунан каза болгон бейтап эркек киши. Ал 1959-жылы туулган. 17-июнда анын дене табы көтөрүлүп, жөтөл жана дем алуусу кыйындаган. Буга чейин ал курч инфаркт жана гипертониялык оору менен каттоодо турган. Анын өлүмү курч дем алуу оорусунан келип чыккан.

Түп аймактык ооруканасынан 1958-жылы туулган эркек киши кайтыш болду. Ал 15-июндан тартып инфекциялык бөлүмдө дарыланып, абалынын начарлашынан улам кислороддук аппаратка кошулган. Диагнозу: оң жак тараптуу пневмония, курч мүнөздө турган жүрөктүн иштеши.

Өлкөдө коронавирустан улам каза болгондордун саны 35ке жетти.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: