super.kg logo

Билим берүү министри Жалпы республикалык тест тапшыруу үчүн өлкө боюнча 117 борбор уюштурулганын айтты

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жалпы республикалык тест тапшыруу үчүн өлкө боюнча 117 борбор уюштурулганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Пандемия учурунда билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн аракеттерибизди көрдүк. Аралыктан окутуулар болду. Жалпы республикалык тест кандай тапшырылат, кандай кыйынчылыктар болору бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин ойлондуруп келет.

Биз буга бардык процедураларды эске алуу менен даярдыктарды көрдүк. Карантин учурунда электрондук каттоолор болду. Кыргыз өлкөсү боюнча 58 миң 730 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен 41 миң 727 абитуриент Жалпы республикалык тестке катышууга арыздарын беришти. Эртең, бүрсүгүнү ЖРТ тапшыруунун биринчи этабы башталат. Эртең мененки саат 08:00дө башталат. Бүрсүгүнү предметтик тестти тапшырышат. Республика боюнча 117 борбор уюштурулган.

Ал эми экинчи этаб 25-июнда, 27-июнда өткөрүлөт. Ар кандай себептер менен чет өлкөдө жүргөн же мектепти мурда бүткөндөр тестирлөөгө убагында каттала албаган болсо, алар үчүн 11-12-июль күндөрү тест уюштурабыз"
, - дейт Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: