super.kg logo
  Саясат  

Президент "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамына кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы менен шайкеш келтирүү. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарды мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштырууга болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: