super.kg logo

Жалал-Абадда жумушка тартылган 26 бала аныкталды

 

Жалал-Абад ОИИБинин ШРИИБдери тарабынан 16-18-июнь күндөрү “Өспүрүм - эмгек” аталышындагы рейддер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында бир топ өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынды.

Сузак РИИБи тарабынан район аймагындагы соода тармактары, унаа оңдоочу жана унаа жуучу жайлары, курулуп жаткан үйлөр, мал союлуучу жайлар текшерүүгө алынды. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар эмгектенүүсүнүн эң начар формаларында иштегендер боюнча жалпы 26 өспүрүм аныкталган. Алар Базар-Коргон районунун 3, Жалал-Абад шаарынын 3, калган 20 өспүрүм Сузак районунун тургундары болушкан. Аныкталгандардын арасынан 3 өспүрүм социалдык жардамга өтө муктаж экендиги, үй-бүлөлүк шарты оор болуп, үй-бүлөсүнө жардам иретинде иштеп жаткандыгы такталып, балдарды коргоо бөлүмүнө маалыматтар берилди. Өспүрүмдөр боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн жашы жете электердин комиссиясына жөнөтүлдү.
Рейд учурунда жашы жете электерди эмгекке тарткан учурлар боюнча Сузак районунун аймагында 2 жоопкерчилиги чектелген жеке ишканалардын ээлерине карата протокол түзүлүп, айыптар салынды.

Ал эми Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери курулуш объекттерди, базарларды, унаа жуучуу жайларды көзөмөлгө алышты. Рейддин жүрүшүндө 5 өспүрүм оор жумуштарга тартылгандыгы аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: