+170. Жалпы сан 3 миңдин чегинен ашты. Коронавирус жаңы аныкталгандардын көбү Бишкек жана Чүйдүн тургундары
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 170 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары - 56;
Чүй облусу - 43;
Ош шаары - 14;
Ош облусу - 22;
Баткен облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 19;
Ысык-Көл облусу - 15.
Жогорудагы 170 адамдын ичинен 4өө гана чет жактан келгендер болуп саналат. 41 пайызынын гана илдетти жуктуруп алуу булагы аныкталса, калганынын булагы аныкталган эмес.
21-июнга карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 3 миң 151 киши. Булардын ичинен чет өлкөлөрдөн илдет жуктуруп келгендердин саны 240 адамды түзөт.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 4 334 адам.
Жалпы үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткан 575 киши турат.


Акча иштеш керек болуп жатат.
Мынча адам каяктан чыгып жатат ? Же өздөрү кайрылып жатабы ?