Белгилүү саясатчы Болот Шер каза болду

Белгилүү саясатчы Болот Шер 61 жашында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Эмил Токтошев тастыктады.
Анын айтымында, мурдагы депутат Болот Шер бүгүн каза болду.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы маалымдалган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Болот Шердин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-июнда Таласта өтөрү маалым болду.
Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, Апрель окуясынын "кыймылдаткычы", өткөөл мезгилде ИИМди жетектеген башчы, 61 жашында каза болгон белгилүү саясатчынын өмүр баяны тууралуу ушул шилтемени басып өтүп окуй аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Жакындарына сабыр тилейм...
Жакындарына сабыр тилейм.