super.kg logo

Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, Апрель окуясынын "кыймылдаткычы", өткөөл мезгилде ИИМди жетектеген башчы. 61 жашында каза болгон Болот Шердин өмүр баяны

 
Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, Апрель окуясынын "кыймылдаткычы", өткөөл мезгилде ИИМди жетектеген башчы Болот Шер 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
1982-1991-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган. 1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон.

2000-жылдын февралында II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин Жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.

2010-жылдын Апрель окуясында Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин кызматын аркалаган. Ушул жерден белгилей кетүү керек, 6-апрель күнү Таласта "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири болгон Болот Шердин милиция кызматкерлери тарабынан “мамлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды” деген негизде камакка алынышы окуянын курчуп кетүүсүндө отко май тамызгандай эле таасир эткен. Аны бошотуп алуу үчүн 3 миңдей адам облустук администрацияга бастырып барып, губернаторду барымтага алышкан. "Таласта 6-апрель күнү Болот Шерди бийликтин «желдеттери» кармабаса, балким, төңкөрүш болбой калмак" деген өңдүү пикирлердин жаралышы да жогорудагы окуядан улам келип чыккан. Ушул окуядан кийин Болот Шерниязов Шер Болот деп аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алганы маалым болгон. Ал бул чечимин "Кыргызда бир салт бар экен, катуу оорудан аман калган адамдын аты-жөнүн өзгөртө турган. Аты-жөнүмдү өзгөртүүгө бул да түрткү болду" деп "Супер-Инфого" берген маегинде түшүндүргөн.

2010-жылдын октябрында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен кайра аттестациялоо тартибинде "генерал-лейтенант" наамы ыйгарылган.
2011-жылы президенттин жарлыгы менен III даражадагы мамлекеттик жогорку "Манас" ордени менен сыйланган. Болот Шер мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Эл аралык "Көк-Бөрү" федерациясынын негиздөөчүсү.
Болот Шер 61 жашында каза болду. Буга чейин мурдагы депутат үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы маалымдалган. Саясатчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-июнда Таласта өтөрү маалым болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
21.06.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жаткан жери жайлуу болсун!
21.06.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Курманжан Датка кинону да тартса керек эле адашпасам ?
21.06.2020. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
Adil18 түзөттү 2020-06-21 17:58:57
21.06.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adil18, Садык Шер тарыхтын кайсы жерин бурмалаган?
21.06.2020. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nazarmat92,бул жонундо талкуулар коп интернетте, таап окуп ал
21.06.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazarmat92,
Толук чагылдырып бере алган эмес.
22.06.2020. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adil18, ошону бурмалаган деп айтабы э
23.06.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adil18,Келжиребей сен тартпайт белен андай болсо
21.06.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TalaCSKA,Садык Шер тартса керек эле иниси менимче.
22.06.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TalaCSKA, Садык Шер Нияз тарткан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: