super.kg logo

Өкмөт башчы суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сиздерди өкмөттүн атынан суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Учурда жаңы жерлерди өздөштүрүү жана сугат жерлерин суу менен камсыз кылуу, мелиоративдик абалын жакшыртуу, республикабыздын калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

2017-2026-жылдары иригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 2020-жылы 1700 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү, 17562 гектар сугат жерлердин сууга болгон муктаждыктарын жогорулатуу жана 3600 гектар жердин мелиоративдик абалын жакшыртуу, 80 айыл конушун таза суу менен камсыздоо милдеттери алдыбызда турат.

Жалпысынан 2024-жылга чейинки мөөнөттө ирригация жана таза суу багытындагы программалардын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен республикалык айыл аймактарында жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү менен 110 миң жаңы жумушчу орундары түзүлөт. 715 айылдын таза суу менен камсыздалышын 68,9 пайыздан 90 пайызга чейин көбөйтүү аркылуу калкыбыздын, жашоо шарттарынын жакшырышына чоң өбөлгө түзүлөт.

Алдыбыздагы программалык багыттагы милдеттерди талыкпаган эмгегибиз менен аткарып, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп терең ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.06.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди эстегендерда бар экен да ээ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: