super.kg logo

Бишкектеги шаардык таштанды полигону жабылат. Жанына таштанды иштетүүчү завод курулуп жатат

 

Бишкек шаарындагы таштанды полигону 1970-жылдары эле пайда болгон. Ал кезде полигондун тегерегин ээн талаа гана каптап турса, өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткени айланасына турак үйлөр, ири конуштар курула баштады. Учурда полигон 54 гектар жерди ээлейт. Ал эми андан чыккан түтүн жакын жайгашкан конуштарды каптап, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып келет.

Мындан улам таштанды полигонунан чыккан түтүндөн тажаган Калыс-Ордо конушунун жашоочулары жыйналыш-митинг уюштурушту. Анда ар бир көчөнүн атынан келген өкүлдөр бир гана таштанды эмес, конушта көп жылдардан бери көйгөй жаратып келген таштанды, суу, жер боюнча маселелерди талкуулашты. Жыйналышка акимчиликтин өкүлдөрү, конуш башчысы дагы чакыртылганы айтылат. Бирок алар борбордогу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу башка иштер менен алек болуп, келе албай калганын билдиришкен.

Аталган конушта 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан Чолпон Сагынбекова жылдан жылга шаардык таштандыдан чыккан түтүн күчөп бара жатканын, балдардын ден соолугуна терс таасирин берип жатканын айтат.

"Бул жакта түтүн кечинде башталып, ошону менен таң атканча тарабайт. Эртең мененки саат 9-10дорго чейин каптайт. Ал түтүн таштанды тараптан келгени үчүн сасыйт, аябай түтөйт. Ошондуктан балдарыбызды эртең менен дагы, кечинде дагы эшикке чыгара албайбыз. Көп жылдан бери бул маселе чечилбей келе жатат. Шаардык таштанды жабылат экен деген сөздөрдү ар жыл сайын угуп келгенибиз менен андан чыккан түтүн токтой элек. Акыркы кезде күндө түтөп, жашоочуларды беймаза кылууда. Балдар ооруп калабы деп коркуп жашап келебиз. Бул жактан көчүп кетели десек жерге документ алуу маселеси жаралууда. Калыс-Ордонун көп үйлөрүнүн чечиминде "К" деген белги бар. Убагында бул нерсеге көңүл бурган эмеспиз. Көрсө "Кнын" баары таштанды полигонуна карайт экен. Бул турак үйлөргө Кызыл китеп алуу, трансформациялоо тууралуу чечими жок кыйын болот дешүүдө. Конушта бул белгиси бар үйлөргө үй номурлары дагы берилген эмес. Мындан тышкары балдарыбызды бала бакчага, мектепке орноштурууда кыйынчылыкка туш болуп жатабыз", - деди ал.

Мындан ары сөздү конуштун дагы бир тургуну улады. Мунара Козубекова Калыс-Ордодогу жер тилкесин жерге уруксат берүүчү чечимдин негизинде сатып алганын айтат.

"Андан бери балам 14 жашка чыкты, бул жакка каттоого тура албай келебиз. Биз жерди сатып алып жатканда бардык маселе чечилди, Кызыл китеп берилет деп айтышкан. Эми бардык коммуналдык төлөмдөрдү төлөйбүз дагы жер маселесине келгенде биздин үндү эч ким укпай калат", - дейт ал.

Ал эми конушта 10 жылдан ашык убакыттан бери жашап келе жаткан Кубанычбек Козубеков: "Биздин көчөгө салынган үйлөрдүн астынан суу чыгып, турак үйлөр урап жатат. Тиешелүү жактарга кайрылганыбызда, биз жактан дренаж казуу үчүн акча бөлүнгөнүн угабыз. Бирок ал акчалар кайда кетип жатканын билбейбиз. Дагы бир маселе Пригородное айылы жактан келген канализациянын жыты. Ал биз жакка чейин жеткенде үйдөн чыгып кеткиң келет. Тиешелүү жактарга кайрыла берип чарчап бүттүк. Мэрияга деле жашоочулардын колу коюлган кат таштап келгенбиз. Ага дагы жооп жок", - дейт ал.

Ал эми Перизат Абдралиева аттуу тургун сугат сууга болгон баа 700 сомдон 1100 сомго чейин көтөрүлүп кеткенин айтып нааразы болду.

"Бул жакта бардыгында тең эле бакча бар деп айтпайм. Бирок сугат сууга болгон квитанция кечиктирилбей келет. Мурда 400 сом төлөп келсек, былтыр 700 сомго көтөрүлдү. Эми карантинде 2 ай жатканыбызга карабастан, кайрадан баасын жогорулатып жиберишти. Мисалы менин 7 балам бар. Мамлекеттен жөлөк пул албайм. Анткени жашоочулар айткандай, менин жер тилкеме дагы "К" белгиси коюлуп калган. Сууга, электр энергиясына акы төлөбөй калсак, электр энергиясы, суу өчүрүлөт. Ал эми конуштун эчак эле чечебиз деген маселелерин карабай келишет. Ошондуктан бул жакка чогулдук. Биздин үнүбүз бирине болбосо, бирине жетээр", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жашоочулардын көбү таштанды маселеси боюнча чогулгандыктан, бул тууралуу маалымат алуу үчүн Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековго байланыштык. Ал шаардык таштанды полигонун жабуу боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын билдирди:

"Таштандыдан чыккан түтүн шаардын көптөгөн тургундарына ыңгайсыздык жаратып келгенин билебиз. Ошондуктан аны жаап, ордуна завод курабыз деген пландар акырындан ишке ашып келе жатат. Мисалга алсак, азыркы учурда таштандынын үстү тапталып, кум төгүлө турган бир аз эле бөлүгү калды. Ал эми негизги бөлүгү бүттү. Калган бөлүгү дагы иргелип, үстүнө топурак төгүлгөндөн кийин өрт толугу менен токтойт. Мындан тышкары ал жерге газ кетирүүчү түтүктөр орнотулат. Полигондо көп жылдан берки таштанды жаткандыктан, ал жердин астында газ пайда болгон. Түтүктөр газдын бардыгын өзүнчө алып кетет. Бул жумуштар учурда Биринчи Май районунун акимиатынын көзөмөлүндө. Жумуш токтобой жүрүп жатат.

Полигондун жанына таштанды иштетүүчү завод курулуп жатат. Ага барчу жол дагы салынган. Бул чоң завод болгондуктан, 2-3 айда бүтүп калчу иш эмес. Себеби заводдун айланасындагы инфраструктураны жасап чыгыш керек. Учурда жол салынды деп айттык, эми ал жакка электр зымдарын тартып келүү боюнча иштер жүрүүдө. Ал жерге заводду электр энергия менен камсыздоочу чоң подстанция курулат. Азыркы тапта "Дордой" тараптан чоң кубаттуулуктагы электр чубалгылары тартылып келе жатат"
, - деди Мавлян Аскарбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: