super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Коронавирус илдетине чалдыккандар массалык түрдө аныкталса, обсервациянын жанына чатырчалар шаарчасына орун каралат"

 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Манас» эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анын жүрүшүндө биринчи вице-премьер коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундуктардын санын көбөйтүп жатышканын билдирген.

"Карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата турган 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка эсептелген. Ушундай эле көлөмдөгү дагы 5 корпус бар. Биз азыр аталган 5 корпусту пайдалануу мүмкүндүгүн караштырып жатабыз. Мындан тышкары ар бир бөлмөсүндө шарты бар башка корпустар да бар, бирок ага оңдоп-түзөө талап кылынат.

Буга катар премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, массалык түрдө оорулуулар пайда болгон учурда чатырчалар шаарчасы үчүн орун каралууда. Белгилей кетсем, учурда чатырчалар шаарчасына муктаждык жок. Бирок биз ар кандай абалга даяр турушубуз керек. Жарандар тийиштүү шартта дарылануудан өтүшү керек"
, - деп билдирген Алмазбек Баатырбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: