super.kg logo

"Жүрөгү жараланган". Улуу Британияда өспүрүмдөр ак куунун уясындагы жумурткаларын жанчып салышкандан кийин ак куу эне өлүп калган

 

Улуу Британияда ак куу анын жумурткаларын өспүрүм балдар кыш менен жарып салгандан кийин өлүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, окуя кечээ, 21-июнда Манчестерде болгон. Жолдон өтүп бара жаткан адамдар өспүрүм балдар ак куунун уясына кыштарды ыргытып жатышкандыгын көрүшкөн. Ал учурда ак куу эне уясынын жанында жок болгон. Качан гана ак куу уясындагы жанчылып жаткан жумурткаларын көргөндө "жүрөгү жараланып" өлүп калган.

Анын өлүп жатканын кийинчерээк окуя болгон жерге келген активисттер көргөн. Маалыматка караганда, 6 жумуртканын 3өө жанчылып, 2 жумурткадан жарака кетсе, 1и бүтүн болгон. Жаныбарларды коргоочулардын айтымында, ак куулардын жашоосунда кайгылуу учур болсо, алар өлүп калышат. Ошондой эле алардын түгөйү өлүп калса, экинчиси да өлүмгө дуушар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.06.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тооба кылдым , Алланын кудурети, аккууну аябай сулуу анан конулу назик кылып жараткан экен да Кудайым
23.06.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдар мыкаачы келишет окшойт,биз да кичинебизде ташбаканы таш менен уруп ташын сындырып,олтургонубуз эч эсимен кетпейт,азыр эстесем журогум зыркырайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: