Бүгүнкү күнгө карата Чүйдө коронавирус менен ооругандар 41 киши болсо, алардын ичинен 8и медицина кызматкерлери
Чүй облусу боюнча пандемияга байланыштуу кандай иш-чаралар жүрүп жатканы тууралуу бүгүн, 22-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова маалымат жыйын берди.
Анын айтымында, коронавирус башталгандан бери инфекциядан улам Чүй облусунан 6 жаран каза болгон.
"Чүй облусу боюнча коронавирустан 6 киши каза болду. Алар Кемин, Панфилов, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жашоочулары болгон.
Азыркы тапта коронавирустун оор түрү менен жабыркагандар Чүй облусундагы аймактык ооруканасына жаткырылып жатат. Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 менен ооругандар 41 киши болсо, алардын ичинен 8и медицина кызматкери", - деди Волкова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.