Орусияда акыркы бир сутка ичинде 7 миң 600 адамдан коронавирус аныкталып, 95 адам каза болду
Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 600 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 95 адам каза болсо, 4 миң 705 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 68;
Москва облусунда - 506;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 295;
Нижегород облусунда - 219 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 592 миң 280 адамдан коронавирус аныкталды. 8 миң 206 адам каза болсо, 344 миң 416 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















