Ыраазычылык билдирди! Ассоль Молдокматовага Чечен башчысы Рамзан Кадыров бриллиант топтом тартуулады
Коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага Чечен башчысы Рамзан Кадыров бриллиант топтом тартуулады. Белек тууралуу Ассоль айым өзү билдирүү калтырып, Чечен башчысына ыраазычылыгын айткан.
Буга чейин дээрлик 10 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндөгү карылар үйүндө жашаган 81 жаштагы Данга Батиев аттуу Чечен жараны тууралуу Молдокматованын сюжети чыккан. Ал сюжет менен таанышкан Рамзан Кадыров карыяны мекенине кайтарууга жардам бере турганын билдирген.
19-июнда Бишкек-Грозный багытындагы чартердик каттам уюштурулуп, анда Ассоль Молдокматова менен Данга Батиев Чеченстанга учуп кетишкен. Грозный шаарындагы аба майдандан бийлик өкүлдөрү жана Данга Батиевдин туугандары тосуп алышкан.
21-июнда Чеченстандын президенти Ассоль айымга ыраазычылык иретинде бриллиант топтомду белекке берип жиберди.


Хиджаб, паранджа кыргыздын кыздары оронуп, чумконо турган баш кийим эмес. Хиджаб, хиджаб кыргыздын баш кийими эмес. Бул арабтардыкы. Арабтар дин аркылуу оздоруунун салтуу кийимдерин, тилин жайылтып жатат.
Эми жакшылап катпасаныз(банккабы,личный сейфкеби) уурулардын козу тушту...