Ысык-Көлдүн "Лидер" футболдук клубу Кыргыз Премьер-Лигасынан четтетилди
Ысык-Көлдүн "Лидер" футболдук клубу Кыргыз Премьер-Лигасынан (КПЛ) четтетилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Премьер-Лигасынын басма сөз кызматкери Нурсултан Нурболот уулу билдирди.
"Лидер" футболдук клубу Шоро Премьер-Лигасынын клубдары арасындагы футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунан четтетилди. Бул чечим клубдун каржы жана спорттук милдеттенмелерин аткара албагандыгына байланыштуу клубдун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган", - деп билдирди ал.
Мындан тышкары "Лидер" клубу Кыргыз Премьер-Лигасынын курамынан чыгарылат жана Кесиптик футбол лигасына мүчөлүгү токтотулат.
"Лидер" футболдук клубу КПЛдин турнирдик жадыбалында жетинчи орунда келе жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
0001KG

22.06.2020. 16:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спонсорлорду тартпайсыңарбы, олигархтар толтураго Крда.
kanybek1986

22.06.2020. 18:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барып барып кр пример лигасыда жок болосо болду
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.