Апам паспорт алышыма тоскоолдук кылып жатат деген 32 жаштагы адам юристтерден кеңеш сурайт. Ал буга чейин паспорт алган эмес
"Апам паспорт алышыма тоскоолдук жаратып жатат" деген Талас облусунун Жолдошбек Айдаров аттуу жашоочусу SUPER.KG порталына кайрылды.
"Сөзүм түшүнүктүү болуш үчүн балалыгым тууралуу бир аз маалымат бере кетейин. Мен 1987-жылы 6-октябрда Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлгөм. Апам мени 6 айымда эле таенемдин колуна таштап, өзү турмушка чыгып кеткен экен. Ал эми атам тууралуу маалыматым жок. Кийин бой жеткенде апамдан сураганымда каза болуп калган деп койгон. Апамды биринчи жолу 5-6-классымда көрдүм. Анда деле эне катары мээрим төгүп, бооруна алган жок. Кийинки жолдошунун сөзүн сүйлөп туруп алды. Ошону менен биротоло апамдан үмүтүмдү дагы, колумду дагы үзгөм. Апамдын дагы кийинки турмуштарынан 2 бала, 3 кызы бар.
Учурда Кудайга шүгүр, 4 балам бар. Бирок балдарым туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн апасынын документи аркылуу алышкан. Себеби менде паспорт жок. Өзүмө документ алууга чыгынып, Таластагы паспорт столго кайрылганымда жарандыкты тактоо үчүн ата-энесинин биринин документинин нускасы керектигин айтышты. Атам жок болгондуктан апама кайрылдым. Ал болсо болбогон шылтоону айтып, көп убакыттан бери мени убарага салып жүрөт. Паспорту бир адамда күрөөдө экенин айтты. Ал адамдын телефон номуру бар экен. Анда номурун бериңиз мен күрөөдөн чыгарып, документимди бүтүрүп алайын десем жадагалса ошол нерсени дагы аткарбай келет. Менин паспорт алышыма бир гана апамдын паспорту жетишпей жатат, калган документтеримдин баарын тапшыргам.
Учурда кандай айла кыларымды билбей жатам. Быйыл 33кө чыгам, дагы деле жарандыгым жок, эч ким болбой жүрөм. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, Таластагы паспорт столдон өзүм туулган Токтогул районуна билдирүү жөнөтүшкөндө туулгандыгым тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн жөнөтүштү. Бирок эки жолу жөнөтсө, эки жолу энеси деген графада биринде Гүлнур, экинчисинде Майрам деп келди. Эмнеге мындай чыгып жатат түшүнбөдүм. Мен балдардын келечеги үчүн документ алып, эл катары толук кандуу жаран болгум келет. Калың кыргыз элинин арасында мага юридикалык же укуктук жактан жардам бере алгандар болсо, кубанычта болот элем. Убара тартканыма көп болуп калды", - деди Жолдошбек Айдаров.
Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына байланышканыбызда, жарандык паспортту алууда ата-эненин паспорту сөзсүз талап кылынарын тастыкташты.
"Ооба, туура. Кайрылган адам биринчи жолу паспорт алууга тапшырып жатса атасынын же энесинин паспортунун нускасы керек. Себеби ал адам тууралуу маалыматтар такталышы керек. Башка документтер болбойт. Негизи паспорт алууда энеси паспорту менен өзү келиши керек эле. Тилекке каршы, бир гана күбөлүк менен паспорт берилбейт" , - деп жооп берди мекеменин маалымат катчысы.






1 |