Түштүк Кореяда коронавирустун экинчи толкуну башталды
Түштүк Кореяда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башчысы Чон Ын Гендин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, аталган борбордун божомолуна ылайык, коронавирустун экинчи толкуну күз же кыш мезгилинде болору күтүлүп жаткан. Бирок вирустун экинчи толкуну болжолдогон мезгилден эрте башталганы айтылат. Ошондой эле аталган уюм адамдар бири-бири менен болгон байланышты азайтпаса, вирустун жайылуусу улана турганын эскертишкен.
Мындан тышкары Сеулдун бийлик өкүлдөрү эгерде жакынкы 3 күн аралыгында вирус жуктургандардын саны азайбаса, кайрадан социалдык чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экендигин айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Вирус токтогон учурда сырта 2. 3 адам вирусу бар болуп туруп көчөдө жүрүшүп 50,60 адамга жуктуруп койсо 2-толкун башталган болот бекен.
Андай болсо Кыргызстан, Өзбекстандада экинчи толкун башталыптырда. Кээде ушул вирус балээси атайын эле пландаштырылып уюштурулгандай болуп калатда