"1-июлда митинг болот" деген билдирүүнү тараткан жарандын ким экени аныкталды. Ага карата сотко чейинки кылмыш иши ачылды
Мессенжерлер аркылуу "1-июлда митинг болот" деген билдирүүнү тараткан жаран табылып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган аудиону Балыкчы шаарынын, учурда Чүй облусунун жашоочусу 1981-жылы туулган жаран Т.А. тараткандыгы аныкталды.
Андан сырткары 17-июнь күнү “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда Орусиянын Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1988-жылы туулган М.Т. аттуу тургуну кармалды. Ал "Ак Үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” деген пикирин аудио түрүндө тараткан. Бул эки факты Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Ички иштер министрлиги эскертет! Атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле интернеттен, мессенжерлерден кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 номери аркылуу маалымдоого чакырат.







1 |