Азиз Суракматовдун кызматтык милдеттерин биринчи вице-мэр убактылуу аткарат
Дем алыш күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдон коронавирус аныкталганы кабарланган. Эми анын милдеттерин биринчи вице-мэр аткарат. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 22-июнда кабарлашты.
"Шаар мэри Азиз Суракматовдун коронавирус инфекциясы менен ооруп калгандыгына байланыштуу анын кызматтык милдеттерин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев убактылуу аткарат. Республикалык жана шаардык штаб, ошондой эле акимчиликтер штаттык режимде иштөөнү уланта берет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.