super.kg logo

"Ата сизди күтүп жатабыз". Кадамжайда Нусратулла Эрматов 6 ай мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

 

Нусратулла Эрматов 58 жашта. Өткөн жылдын 31-декабрында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам айылынан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Баласы Мадамин Эрматов SUPER.KG порталына кайрылып, атасын көргөн-билгендер болсо кабарын билдирип коюуну өтүндү.

"Биз алты бир тууганбыз, алты айдан бери атамды издеп, күтүп жатабыз. Кадамжай РИИБине арыз жазганбыз, алар да издеп жатат, бирок дайын жок. Биздин божомолубузда ал Кыргыз өлкөсүнүн эле ичинде, себеби паспорт, документтери үйдө турат. Кээ бирлер Бишкектен көрдүк дегендей сөздөрдү айтышат, бирок өзү такыр байланышка чыга элек. Эгерде атам бизди окуп калса же кимдир-бирөөлөр ага айтса "ата кайтып келиңиз, бизге таарынычыңыз болсо кечириңиз" дейбиз", - деди Эрматов.

Кадамжай РИИБи маалыматты тастыктап, Нусратулла Эрматов боюнча арыз түшкөн күндөн тартып эле аны табууга тиешелүү бардык чаралар көрүлүп жатканын билдиришти.

Сүрөттөгү Нусратулла Эрматовду көргөн-билгендер болсо, уулу Мадамин Эрматов ага 0779559202 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Кадамжай РИИБи +996 704 276 416.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.06.2020. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табылып калсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: