Бишкек шаардык туристтик милициясы 53 жаштагы адамдын өмүрүн сактап калды



Бишкек шаарынын туристтик милициясы адам өмүрүн сактап калды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 22-июнда саат 14:50 чамасында Пионер көлүндө өзүнүн тааныштары жана достору менен сууга түшүп эс алып жаткан адам чөгүп, жардамга элди чакыра баштаган. Ошол замат ал жерге туристтик милициянын кызматкерлери барып, ал адамды суудан аман чыгарышкан. Милиция менен кошо барган медкызматкерлер биринчи жардамды көрсөткөн. Сууга чөгүп, жардамга муктаж болгон адамдын 53 жашта экендиги белгилүү болгон.
"Бишкек туристтик милициясы жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун коргоо үчүн дайыма даяр. Мындай коркунучтуу кырдаал жаралганда дароо 102 номуруна байланышып, дарегиңиздерди айтыңыздар, жакынкы жердеги туристтик милиция сиздерди коргоого барат", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаардык туристтик милициясы адам өмүрүн алды



1 |