super.kg logo

"СССРге кирген өлкөлөр орус улутунун жерин белекке алып кетишкен" деген Путиндин сөзүнө түшүндүрмө беришти

 

Кечээ социалдык тармактын колдонуучулары Орусиянын президенти Владимир Путиндин СССРдин курамына кирген өлкөлөр андан чыгып жатканда, орус улутунун жерин белекке алып кетишкен деген таризде айткан сөзүн сынга алышкан болчу. Путин мындай сөздү "Россия 1" телеканалына берген интервьюсунда айткан.

Талкууга алынган билдирүү боюнча Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков түшүндүрмө таратты. Түшүндүрмөдө Песков "Орусиянын коңшу мамлекеттерге аймактык нааразычылыгы жок" деген.

"Ал белек жөнүндө айткан эмес. Ал жалпы эле жагдайларда каралбай калган Баш мыйзамдагы системдүү кетирилген катачылыктар жөнүндө айткан. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр СССРдин Конституциясында кетирилген катачылыктарды жоюу үчүн керектигин белгилеген", - дейт Песков.

Интервьюда Путин: "...Бирок биздин суверенитетке байланышкан нерсени айтсам, СССРди курууда келишимде андан чыгуу укугу тууралуу жазылган. Бирок чыгуу процесстери жазылбагандыктан суроо жаралат. Эгерде кайсы бир республика СССРдин курамына кирсе, бирок өзүнө салттуу Орусиянын тарыхый аймагын, Орусиянын ири аянттагы жерин алса, андан кийин бул Союздан чыгууну чечсе, өздөрү эмне менен келсе, ошол менен кетишпейт беле. Өздөрү менен кошо орус элинин белегин алып кетпей", - деген.

Ошол эле учурда Орусиянын президенти кайсы республика тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.






Путиндин СССР өлкөлөрү боюнча айтканы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.06.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-31
Путин молодец. Орус тилин кыргыз жеринде онуктуруш керек.
23.06.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
zhaku2017,онугуп буткон ,киргиз болуп калган баары ,кабатыр алба.
23.06.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
zhaku2017,кет да анда Орусияга, таза кыргыз бойдон сакталып калышыбыз керек биз.
23.06.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaku2017,неге эле арабкул деп эле сайрай берет десе сен өзүң "орускул" турбайсыңбы.
23.06.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Путин туура айткан! СССР куралып атканда Крым дагы бир топ жерлер кошуна мамлекеттердики болгон эмес. Кийин партократтардын чечими менен откон
23.06.2020. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Путин дагы карыптыр демек алжып баштаган болсо, анын сөзүнү мамкатчысы тууралап жүрөт артынан!
23.06.2020. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Андай болсо СССР жаңы түзүлгөн убакта СССР Кытайга берген Кызыл сууну,Урумчуну алып берсин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: