Өмүрбек Текебаев: "Болот Шер депутаттык иликтөөнүн классикалык үлгүсүн көрсөттү. Ал кезде парламентти эч ким чимкирик деп атай алчу эмес"
Бүгүн, 23-июнда Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында белгилүү саясатчы Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Саясатчы Өмүрбек Текебаев Болот Шер депутаттык иликтөөнүн классикалык үлгүсүн көрсөткөнүн айтты. "Биз адамдарды көзү барда барктай албай, өтүп кеткенден кийин аттиң, аттиң деп калабыз. Боке чоң, улуу адам. Ал жөнүндө китептерди жазабыз. Бул үйдө, так биз турган короодо көптөгөн азаматтар чоң сапарга аттанган.
Мамлекет бул Конституция, мыйзам эмес. Мамлекет биринчи кезекте эл экен. Элдин духу, элдин руху экен. Биз ондогон жылдар бою аны унутуп коюптурбуз. Бокем ушул жерде мамлекет курганга аттанганда мамлекет бир көрбөгөн, мамлекет билбеген пайдубалды курганга киришкен экен. Маданиятты, тарыхын, намысын көтөргөнгө киришкен. Жазуучу, акындарды көтөрүп жүрүптүр. Көк бөрүнү заманбап спорттун, эл аралык деңгээлге көтөрүп, бизди бириктириптир. Депутат болгондон кийин улуттук оюндар жөнүндө мыйзам жазды. Бокемдин Кыргыз мамлекетинин куруудагы орду эбегейсиз чоң. Бокем депутаттык иликтөөнүн классикалык үлгүсүн көрсөттү. Бакиевдин кезинде "Матрёшка гейт" деп мени кармаганда, ал 6 саатта кылмыштын бетин ачкан. Ошон үчүн ал кезде парламент абройлуу болгон. Анда эч ким парламентти чимкирик деп атай алчу эмес. Анткени падышасы болобу баарына Боке бетине айтып отурган. Атамбаевдин убагында Батукаевди качырганда иликтөө жасады. Эл билбеген документтерди тапкан. Бокем 2005-жылы, 2010-жылы революциядан кийин өлкөдө тынчтык орношуна салым кошкон.
Боке дос, кош бол, сени биз унутпайбыз!", - деди Текебаев.



1 |