super.kg logo

ИИМ: "Бишкектеги кафеде болгон массалык уулануу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат"

 

Бишкектеги "Енисей" кафесинде болгон массалык уулануу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын ИИМдин басма сөз кызматынын башкы инспектору Эрнист Осмонбаев билдирди. Айтымында, “Енисей” кафесинде үйлөнүү той эмес, кыз узатуу жөрөлгөсү болгон. “Айрым тамактар кафеде жасалып, ал эми эт, салаттарды кызын узатып жаткан тарап алып келген. Учурда кайсы тамактардан улам уулануу болгондугу такталууда. Маалыматтар боюнча, кафеге 150 киши келиптир”,- деди ал. Эске сала кетсек, “Енисей” кафесинде 6-сентябрда кыз узатуу тою болуп, андан соң ууланган 103 адам ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон эле. Ал эми учурда уулангандардын саны 123кө жеткени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: