super.kg logo

Депутат Иманалиев Болот Шердин коштошуу зыйнатында: "Сиз жөнүндө жакшы сөздү кечигип айттык"

 

Бүгүн, 23-июнда Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында белгилүү саясатчы Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Депутат Каныбек Иманалиев Болот Шерди эскерүү сөзүн сүйлөдү. "Эки күн мурда Күн тутулду, ошол көз ирмемде кыргыз эли Бокемден ажырады. Ал эл, жер, күн сүйгөн адам эле. Бокенин кыргыз деп соккон жүрөгү ичинде эмес, сыртынан да угулат эле.

Мен Кыргыз саясатында жүрүп, көп саясатчыларды билем. Бирок сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жүрөгүн сууруп бере турган Болот Шерди гана билчүмүн. Болот Шер улутка, маданиятка, мекенге кызмат кылуунун туу үлгүсүн көрсөтүп кетти. Боке 15-20дай балдарды асырап өстүрүп, аларды чет мамлекетте окутту.

Кыргыздар баатырды сүрөттөгөндө жалын жүрөктөрдү сүрөттөйт. Андай баатырлар биз менен үзөнгүлөш жашады. Кечириңиз Боке, сиз жөнүндө сөздөрдү кечигип айттык. Болот Шер элге-журтка кызмат кылуунун туу үлгүсүн көрсөттү", - деди Каныбек Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: