super.kg logo

Өмүрбек Бабанов: "Болот Шер кыргыз элинин башын бириктирип, ар-намыс менен абийирди туу туткан акебиз эле"

 

Бүгүн, 23-июнда Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында белгилүү саясатчы Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Болот Шердин улуу касиеттери көп болгонун белгиледи.

"Боке кыргыз элинин башын бириктирип, ар-намыс менен абийирди туу туткан акебиз эле. Үзөңгү-Куушту коргогон, Каркыраны айтып чыккан Боке эле. Айласы кеткенде 6-апрелде элибизге эркиндик керек деп күрөшкө аттанган. Анын улуу касиеттери көп. 2010-жылы 6-апрелде Бокемди милиция кызматкерлери башына кап кийгизип алып баратканда бир, эки жолу ургулаган экен. Эки, үч күн өтпөй, Боке ички иштер министри болуп, ошол ургулаган адамдарды кабинетине чакырып, силер буйрукту аткаргансыңар деп аларды каматпай, өстүргөн. Муну менен Боке айкөлдүктү көрсөттү. 2005-жылы мен парламентке депутаттыкка аттанганда, мага устат болгон. Айла жок, кыргыз элинин кабыргасы кайышып турат. Биздин Бокебиз чыныгы эл баатыры. Ал бул наамга ээ болот деп ишенем.

Жакында биз куран окутуп жатканда, Боке коштошкону келген экен... Боке дайыма биздин жүрөгүбүздө болосуз", - дейт Бабанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: