super.kg logo

Кытайдагы ресторанда ашпозчулукту да тейлөөнү да роботтор аткарууда

 

Кытайдын Гуандун провинциясында толугу менен автоматташтырылган ресторан ачылды. Анда кардарларды жалаң роботтор тейлейт. Мындай маалыматты кытай басылмалары жазышууда.

Маалыматта "Shunde City" деп аталган ресторанда жалпысынан 20 робот тамактын 200 түрүн жасай алары айтылат.

"Аталган ресторанда ашканада тамак жасагандан баштап, кардарлардын буюртма кылган тамагын столдун үстүнө жеткирип берүү боюнча иштердин баарын роботтор аткарат. Бул жакта кытай ашканасынын тамактарына жана тез даярдалуучу татымдарга тапшырык берсе болот. Ресторанда бир маалда эле 600 кардар тейленет. Ал эми андагы робот ашпозчулар айрым тамактарды 60 секунд ичинде даяр кыла алат. Келгендер бул ресторанда тамактар даамдуу экенин белгилешкен. Роботтордун жаратуучулары тажрыйбалуу ашпозчулар менен иштешип, системге алардын рецептерин киргизишкен. Роботторду тамак жасоого үйрөтүү үчүн миңден ашуун эксперимент жасалган", - деп жазылат маалыматта.

.






Гуандун, Кытай. Келген кардарларды жалаң роботтор тейлөөчү ресторан ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
23.06.2020. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жолу кардарларды деле робот кылып койсо болмок.
23.06.2020. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде болсо роботу талкалап акчасын дагы бербей коймок
23.06.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Несине кызыгышат, канчалаган жумушчулардын ордун алып коюшкан. Коронавирус эртең кетет, а робот кетпейт. Роботтоштуруу зарыл болбогон жерде болбогону жакшы! Техниканын кулу болбой.
24.06.2020. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайлыктар тан бердим укмуш калк экенсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: