super.kg logo
  Спорт  

"Ал мени таанып жатат". Хабиб Нурмагомедов атасынын абалы жөнүндө айтты

 

UFC чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу мушкер орусиялык телеканалдарга берген маегинде билдирген.

"Атамдын абалы дагы деле оор. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Коронавирус инфекциясы артта калды. Бирок инфекциянын кесепеттери атамдын бөйрөгүнө, жүрөгүнө залакасын тийгизди. Мен анын жанында күн сайын жарым саат колун кармап отурам. Мен андан "ата мени таанып жатасыңбы?" деп сурасам ал башын ийкеп жооп берет. Ал мени таанып жатат", - деген Нурмагомедов.

Ошондой эле мушкер дүйнөнүн мыкты дарыгерлери анын атасын дарылоо менен алектенип жаткандыгын айтып, аларга терең ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, 26-апрелде Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип ооруканага түшкөн. Анын абалы оор бойдон калып жатканы кабарланган. Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Хабибге атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: