super.kg logo

"Бизде башка жол жок". Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору санитардык нормаларды сактап жашоодон башка айла жок экенин айтты

 

"Биз жаңы жашоо образына көнүшүбүз керек. Бизде башка жол жок. Дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан коргонуу үчүн бардык санитардык-гигиеналык нормаларды сактап жашоого мажбурбуз. Эми биздин башка аргабыз жок, бет кап тагынуу, адамдар менен социалдык аралыкты сактоо, массалык түрдө эл чогулган жерге барбоо, колду дезинфекциялап туруу, тез-тез самындап жууп туруу деген эрежелерге көнүшүбүз кажет", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева.

Онлайн-брифингде ал алдыда жай мезгилине байланыштуу эмгек өргүүлөр башталарын айтып, бул учурда көпчүлүк эс алуу үчүн конокко, башка облустарга барууну адат кылышканын белгиледи.

"Мен бул жайда мындай эс алууну токтотуп турууга чакырмакмын. Андан көрө бөлмөңүздөрдү тазалап, желдетип, өзүңүздөрдүн иммунитетти көтөрө турган азыктарды колдонуп, физикалык кыймылды көбөйтүп, саламаттыгыңыздарга кам көрүү менен өткөрсөңүздөр туура болот", - деди Алтымышева.

Ал өз кезинде коронавирус пандемиясында борбор оору тууралуу элге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: