"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Учурда "Түндүк электр" ишканасы тейлеген бардык аймактарда оңдоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө
"Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылынын тургундары бир нече саат бою электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы", - деп окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылган.
"Түндүк электр" ишканасынан билдиргендей, учурда "Түндүк электр" тейлеген бардык аймактарда оңдоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул мезгилде керектөөчүлөрдүн электр жарыгы үзгүлтүккө учурашын эске салабыз.
"Электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалыматтар бөлүштүрүү компаниянын расмий сайтында, акционердик коомдун социалдык тармактарындагы баракчаларында жарыяланат. Мындан сырткары электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалыматтары КТРКнын Биринчи радиосунун жаңылыктар блогунан кабарланат", - деп жазылат маалыматта.
Новопавловка айылынынын аталган Северная көчөсүндө биринчи июндан тарта 5 өчүрүү катталган:
- 3-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Сокулук РЭТ электр куроочулары №788 трансформатордук көмөкчордонун тазалап, сырдашып, коммутациясын алмаштырышкан;
- 9-июнда саат 10:06дан 15:45ке чейин трансформатордогу өткөрүүчү изолятор алмаштырылып, диспетчерлик аталыштар жаңыртылган;
- 22-июнда саат 13:27ден 17:43кө чейин "Кудайберген" көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгыларынын боюндагы бак-дарактардын бутактары кыркылган.
Мындан сырткары 16-июнда саат 06:00дөн 07:00гө чейин жана 22-июнда саат 11:00дөн 12:20га чейин авариялык өчүрүүлөр катталган. Биринчисинде электр куроочулар изоляторду алмаштырса, экинчи учурунда өчүрүү кабель чубалгысынын жабыркашына байланыштуу болгон.
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүзүлүп жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

