Балбак Түлөбаев: "Бишкек шаардык мэриясындагы 7 адамдан коронавирус табылды"
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон коронавирус аныкталганы маалымдалган болчу. Бүгүн, 23-июнда мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жалпысынан 7 адамдан аталган оору аныкталганын билдирди.
Ал мэриянын учурдагы иш алып баруусу менен тааныштырган. Анда көрүнгөндөй, кызматкерлердин ар бирин бирден бөлмөгө отургузушкан. Тийиштүү санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздалышканын айтат Түлөбаев. Ошондой эле ал оору жугузуп алгандардын абалына токтолгон.
"Ооругандардын арасында башкы бухгалтер, бөлүм башчы бар. Бөлүм башчынын акыбалы орточо, дене табы түшпөй, жөтөлүп жатат. Мэрияда бир бөлмөдө 7-8 кызматкер отуруп иштечү, бирок азыр көбүн үйдөн иштөөгө жөнөттүк", - дейт Түлөбев.
Балбак Түлөбаев мэриядагы 7 адамдан коронавирус аныкталганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.