Президент Москвага учуп кетти. Ал Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат
Бүгүн, 23-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

