Украина президенти Москвада өтүүчү Жеңиш парадына чакыруу келсе дагы барбай тургандыгын айтты
Украинанын президенти Володимир Зеленский 24-июнда Москвада өтүүчү Жеңиш парадына расмий чакыруу келсе дагы парадга барбай тургандыгын айтты. Бул тууралуу президент чет элдик басылмаларга билдирген.
"Жок, бармак эмесмин. Менин оюмча, мага парадга катышууга расмий чакыруу келген жок", - деген Зеленский.
Буга чейин, Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Володимир Зеленскийге парадга катышууга чакыруу жөнөтүлбөгөнүн айткан. Жеңиш парады эртең, 24-июнда Москвадагы Кызыл аянтта өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.