super.kg logo

Москвада коронавирустан улам 2 миңге чукул кичинекей бала карантинде жатат

 

Бүгүнкү күнгө карата Москва шаарында 2 миңге жакын балдар коронавирустан улам карантинге алынган. Мындай маалыматты Москва шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Анастасия Раковага таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, СOVID-19га кабылган балдардын бала бакчаларга барбай турушун шарттаган атайын алгоритм иштелип чыккан.

"Бул боюнча атайын электрондук механизм иштелип чыкты. Анда медициналык мекемелер бала бакчаларга барбай турушу керек болгон балдар тууралуу маалымат жөнөтүп турушат. Учурда Орусияда бала бакчалар иштеп жатканы менен балдар аянтчалары ачыла элек. Бул боюнча дагы бир орусиялык дарыгер Владимир Зайцев Москва шаарында балдар ойноочу аянтчалар эң акыркылардан болуп ачыларын билдирген. Дарыгер аянтчаларда темирден, желимден жана жыгачтан жасалган шаймандар көп экенин белгилеп, темирдин үстүндө коронавирус инфекциясы 2 күн, жыгачтын үстүндө 4 күн, ал эми желимдин үстүндө 5 күн сакталарын эскерткен. Мындан тышкары кичинекей балдар бет капты көп убакыт тагына албай турганын кошумчалаган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.06.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада 9июндан бери эле ойноп журүшөт бирок, кудай сактасын!
23.06.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Россияны Масква кызыгы кетти унуткула эки уч жылга.Кризис 2022 жылга чейин уланат.Вирустун кесепети.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: