super.kg logo

Медициналык окуу жайлардан кадрлар тартылат. Өлкөдө медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда

 

Өлкөдө медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу кошумча кадрдык ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыгууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова өткөргөн кеңешмеде айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда кошумча кадрдык ресурстарды тартуу зарылдыгы жаралып жатканы айтылган.

"Жыйындын соңунда Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жогорку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте окутуучулардын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларда, колл-борборлордо жана саламаттыкты сактоо тутумунун мекемелеринде иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Кеңешмеге саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаардык мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иши башкармалыгынын башчысы Рыспек Жолдошбаев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: