super.kg logo

Жалал-Абадда шамал катталып, мектептин, турак үйлөрдүн чатырларын учурду

 

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катталган шамал мектептин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Шамал бүгүн, 23-июнда саат 16:30 чамасында болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда. Маалыматка ылайык, Каргалык айыл аймагына караштуу Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шиферин, 7 турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен. Жеринде ӨКМнын райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 24-июнь күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2020. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугунку кундо рейка жыгачтардын калынына эмес,ичке жана чонтокко ынгайлуу кылып алып калышкан.
Коруп жатабыз шамал учуруп кетти деген шифер,тунукесине кагылган рейкаларын.
Азыр коопсуздукка коп конул бурулбай калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: