Финансы министрлиги: "Бишкек шаарына 744 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз бюджеттик ссуда берилди"
Бишкек шаарына 744 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз бюджеттик ссуда берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус илдети менен байланышкан өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын бюджетине кирешелер толук көлөмдө түшпөй калган. "Ошол эле учурда мугалимдердин маянасына байланышкан маселенин актуалдуулугун эске алып, Финансы министрлиги Бюджеттик кодекске ылайык Бишкек шаарына баш калаанын билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдердин маянасын жана эмгек өргүүсүн төлөөгө 744 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз бюджеттик ссуда бөлүү чечимин кабыл алган. Бул чечим Бишкек шаарынын мэриясы менен өз ара иш жүргүзүүнүн натыйжасында кабыл алынган.
744 миллион сом өлчөмүндөгү пайызсыз бюджеттик ссуда "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамында каралган", - деп жазылат маалыматта.

