super.kg logo

Дональд Трамп коронавирусту "кунг-флю" деп атоону сунуштады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөгө кеңири кучагын жайган коронавирус инфекциясын "Ухан" же "кунг-флю" деп атоону сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Дональд Трамп кечээ, 23-июнда Аризона штатында шайлоо алдындагы митингде сөз сүйлөп жатып, коронавирус инфекциясын башкача атоону сунуштаган. "Бизде эпидемияга чейин баары жакшы болчу, эпидемиядан кийин да баары жакшы болот. Айрым адамдар COVID-19 деген эмне экенин түшүндүрүп бере алышпайт. Мен бул инфекцияга 19-20 атты айта алам. "Ухан" дегени эсте каларлык болду, "кунг-флю" десе да болчудай (flu англисчеде - сасык тумоо). Айрымдары бул вирусту кытай сасык тумоосу деп дагы аташат", - деген Дональд Трамп.

Дональд Трамп коронавирус инфекциясынын дүйнөгө тарап кетишине Кытай өлкөсүн күнөөлөп, жоопкерчиликти алышы керектигин айтып келет. Ошондой эле компенсация төлөөгө милдеттендирүүгө убада берген. Ал эми Кытай тарап бул айыпты четке кагып келет. Дүйнөлүк анын ичинде америкалык окумуштуулардын көпчүлүгү бул вирус жасалма түрдө жасалган деген версияны четке кагышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
24.06.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба биз деле колдойбуз. Корона вирус вирустун таажысы бул ото деле катуу оору эмес окшойт онкологический ооруну таажысы десек болчудай
24.06.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кандай кылып болсода Кытайдын жаман көрсөтүү жолу издеп жүрөт Трамп.
24.06.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Политика эле окшойт. Булардын коздогону эмне экен деп кызыгып жатам.
24.06.2020. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трамп да кээде биздин балп этмебиздей балп деп кое берет окшойт...
24.06.2020. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок Дональд Трамптын кээ Бир пикирин колдойм.Кытай вирустун оз аймагында жайылып баштаганын жашырышкан.Качан оорчуп кеткенде гана ачыкка чыгарган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: