"Сооронбай Шарипович, мындай "белек" үчүн сизге рахмат". Раиса Атамбаева туулган күнүндө президентке кайрылды
Өлкөнүн мурдагы биринчи айымы, Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева кечээ, 23-июнда 62 жашка толду. Туулган күнүндө ал коомчулукка ачык кайрылуу жасады. Атамбаеванын кайрылуусун Сеид Атамбаев интернеттеги баракчасына жарыялады.
"Урматтуу кыргызстандыктар, бардыгыңыздарга туруктуу колдоо, ишеним көрсөтүп жана биз менен чогуу санаа тартканыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бүгүн көп жылдардан бери биринчи жолу Алмазбек Шаршеновичсиз туулган күн тосууга аргасыз болдум.
Таңдан тартып жүздөгөн адамдар куттукташты, анын арасында чет өлкөлөрдүн лидерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Алардын алдында мен Сооронбай Жээнбеков үчүн уялдым, 30 жыл биз аны бир тууганыбыздай көрүп, жакшы мамиле жасап келдик.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков биринчилерден болуп өзү чалып, мени туулган күнүм менен куттуктачу, а бүгүн так ушул менин туулган күнүмдө сотторду менин күйөөмө карата чечим чыгарууга мажбурлады.
Сооронбай Шарипович, биздин мурдагы досубуз, мен сиз менен дагы бир жолу жолугуп, сиздин көзүңүзгө карап мындай "белек" үчүн рахмат деп айткым келет", - деген Атамбаева.
Анын кайрылуусунун алдына Алмазбек Атамбаев менен вальс бийин бийлеп жаткан видеосу жүктөлгөн.
23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун чечими чыккан. Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыккан.
Алмазбек Атамбаев менен Раиса Атамбаеванын вальс бийи

Акаев кулсо жарашат
Мамлекетти,экономиканы,маданият,тарых эмне экенин билген эр журок жетекчи келсе экен.
Атамбаев мамлекетке миллиарддаган доллар зыян келтирген,озумчул жетекчи болгон.Атамбаевге мээримдуулук беруунун кереги жок.11 жыл уят.150 жыл десе дагы болот эле.
Бакиевиң кошо жоголчу ары
Чындыгында Убактылуу Окмот оздору каракчы,адамдардын олумуно себепчи болушканын билип калдык.
Кийинки келечекти ойлосок Бакиевди чакырып президент кылсак жакшы болмок.Тируу кезинде сыйлабайт экенбиз.