super.kg logo

Балдар онкологу Султан Стамбеков: "Коронавирус менен ооругандарды көзөмөлгө алуучу амбулатордук жайдын жоктугу олуттуу көйгөй болуп турат"

 

Балдар онкологу Султан Стамбеков үйдө жатып өз алдынча дарыланган бейтаптар көп болуп жатканын жана алар үчүн атайын амбулатордук кызмат түзүш керектигин билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүдөй пикирин айтып, өкмөттөгүлөргө сунуш иретинде кайрылуу жасады.

“Мага жарандар тарабынан менчик бейтапканалар кабыл албай койгондугу боюнча чалуулар тынымсыз келип жатат. Мындан улам жеке жаран катары бийликтегилерге кайрылуу иретинде пикиримди бөлүшкүм келди. Себеби коронавирус менен ооруп калгандар ооруканага кайрыла албай, айлалары кетип жатат. Аларга “жөн эле үйдө жаткыла, ооруңар оорлошуп кетсе чаласыңар” деп айтып коюп жатышат.

Менин пикиримде, ошол адамдардын оорусу оорлошуп кетпеш үчүн аларды көзөмөлдөп туруу керек. Кээ бир бейтаптар интернеттен карап антибиотиктерди өз каалоосу менен билбей эле колдонуп, ичип жатышат. Бул туура эмес, аны токтотуш керек. Жаран өз алдынча дарыланса дагы дарыгердин көзөмөлү сөзсүз керек. Бирок аларды кабыл алып, көзөмөлдөй турган жайдын жоктугу актуалдуу көйгөй болуп турат. Жеңил жана орто форма менен ооруган бейтаптар көзөмөлсүз калууда. Булардын баарына амбулатордук кызмат түзүш керек жана бул азыркы учурдун негизги талабы болуп жатат”, - деди Султанбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: