Өзбекстанда апасы бир айлык баласын 18 миң долларга сатууга аракет кылган учурда кармалды
Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Гулистан шаарында бир айлык наристени 18 миң долларга сатууга аракет кылып жаткан учурда наристенин апасы жана ага сатууга жардам берген аял кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-июнда болгон. Далил катары ымыркайдын энесинен жана жанындагы аялдан көрсөтүлгөн суммадагы акча табылган. Учурда бул факты боюнча Сырдарыя облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, 1-майда Сырдарыя облусунун Сардоба суу сактагычынын бир бөлүгү жарылып, бир нече айылдарды суу каптап кеткен. Жарылуунун кесепетинен 22 калктуу конуштан 70 миң адам эвакуацияланган жана 4 жарым миңден ашуун адам үйсүз калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Saitov79

24.06.2020. 12:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оз канынан жаралган баласын саткан акмактар. Жазанарды алгыла эми
Ariz0112

24.06.2020. 12:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балаң жыгылып кетсе канча жүрөгүң зырылдайт бирөөгө кантип жүрөгү чыдап сатат тооба тооба Кудай адашкандан сактасын. Элдин эсинде калды Баласы чоңойгондо балдардан апаң сени сатмак болгон деп укса кандай абалда болоор экен байкуш. Ымыркай саткандарга үйсүз калгандардын эмне тиешеси бар?
ZUXRIDDIN20

24.06.2020. 13:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
18000 өтө кымбатко
Noon

24.06.2020. 13:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ZUXRIDDIN20,кымбат го дегенин кандай? Баланын баасы болбойт билгенге.18000 деген нерсе баланын жанында кагаз, ушуну билип ал.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.