Президент Жээнбековду Москвага коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды







Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүүдө.
Анда президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышуу үчүн бет кап тагынып, Кремлге келгенин көрүүгө болот. Бирок парадга катышуу үчүн келген башка өлкөнүн президенттеринин катарында көрүнгөн жок.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган. Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды.
Тагыраагы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.
Мындан улам президент иш-чарага катышпоо чечимин кабыл алган.
Сооронбай Жээнбеков Жеңиш парадына катышууга барган башка президенттердин катарында көрүнгөн жок
Сооронбай Жээнбеков Москвада өткөн парадга катышкан жок
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Булар коронвирус дегендин богун дагы билбейт
-«Я не могу узнать кто это?», десе аял диктор «плохо вижу наверно миноборона!», деп коет. Чын эле билгиси келбедиби же ушул жерде да нацистик кылып жибердилерби тушунбодум