super.kg logo

Чечме айылынын жашоочусу: "Булак чыры үчүн Сох районунун бийлик өкүлдөрү кыргыз тараптан кечирим сурады"

 

Бүгүн, 24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылында Баткен багыты боюнча жана Өзбекстандын чыгыш багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Сүйлөшүүлөргө тараптардын чек арага канатташ аймактарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары да катышты. Жолугушуу учурунда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Чечме айылындагы булактын айланасында талкуу болду.

Кыргыз тарап Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү органдары менен макулдашпай туруп бул аймакта топографиялык тартууларды, видеого тартууларды жана башка иш-аракеттерди алып барууга болбостугун билдирди. Өзбек тарап Кыргыз өлкөсүнүн Баткен багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү келтирген аргументтерге макул экендигин билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жүрө турган иш-аракеттер туурасында тараптар бири-бирине алдын ала кабар берип макулдашары тууралуу чечим кабыл алышкан. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Чечме айылынын активдүү адамдары менен биргеликте чек арага канатташ аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ал эми бул тууралуу аталган айылдын тургуну менен байланышканыбызда, ал азыр айылда абал тынч экенин айтты. Айтымында, кечээ, 23-июнда атайын адистер келип аталган жер тилкени сүрөткө тартып кетишкен. "Коңшу өлкөнүн жарандары мыйзамсыз биз тарапка басып киргени үчүн Сох районунун бийлик өкүлдөрү алардын атынан кечирим сурады. Биз тарап мындай чыр кайталанбасын деп талап койсок, алар макулдугун билдирди. Буюрса, бул маселе чечилди деп турабыз. Ал эми бул чыр боюнча провокаторлор жоопко тартылышы керек", - деп билдирди аталган айылдын жашоочусу.

Эске салсак, 31-май күнү Чечме айылындагы булакты талашып, Кыргыз жарандары менен Өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Буга чейин SUPER.KG порталы Чечме айылынын тургуну, жарандык активист Каныбек Парманов менен маектешкен. Ал өзүнүн маегинде: "Булактын бизге таандык экенин далилдеген документ бар экенине карабай, бийлик алсыздык кылып жатат", - деген. Толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
24.06.2020. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайга шугурлор болсун. Чечилгени чын болсун. Чечмеликтер бар болгула, Жалалабаттан салам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: