super.kg logo

Баткен облусундагы санитардык нормаларды сактабаган ишканалар жабылат

 

Баткен облусунда коронавирус оорусунун жайылып кетүүсүнүн алдын алууу максатында штабдын отуруму өттү. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө, зарыл болгон чараларды көрүү менен тийиштүү чечимдерди кабыл алып, анын үстүндө иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, учурда өлкөдө коронавирус жуктурган жарандардын саны кескин түрдө өсүп жатканына карабай, санитардык нормалар сакталбай жаткандыгы кооптонууну жаратып жаткандыгын белгилеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, базарлар, дүкөндөргө, эл көп топтолгон коомдук жайларга, калкты тейлөө жайларына тынымсыз рейддерди жүргүзүп,санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга чара көрүү, жабуу, дезинфекциялоо жумуштарын токтоосуз улантууну тапшырды. Ошондой эле элдерге бет кап кийүүнүн зарылчылыгын жеткирип, той жана башка мааракелерге чектөө киргизүү маселелери каралды.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагындагы санитардык-карантиндик пунктары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Жалпы 5 санитардык карантиндик пункттар уюштурулган. Алар Баткен районундагы “Кызыл-Бел” чек ара өткөрмө жайы, Лейлек районундагы “Кайрагач” жана “Кулунду автожол” көзөмөл-өткөрүү жайлары, Кадамжай районундагы “Пүлгөн”, Кызыл-Кыя шаарында “Кызыл-Кыя автожол” өткөрмө жайы.

Ушул жылдын 27-январынан баштап 22-июнуна чейин облуста тепловизор аппаратынын текшерүүсүнөн өткөндөрдүн жалпы саны 211 миң 296ны түзөт. Учурда облуста изолятордо 12, обсервацияда 127, үй карантининде 483 жаран бар. Ал эми анализ алынгандардын саны 15 миң 2 адамды түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин облуста коронавирус оорусу менен 44 жаран катталып, анын ичинен 34 жаран айыгып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: