super.kg logo

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соту: Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишти кароо боюнча соттук отурумда сот өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Ленин райондук сотунун чыгарган чечими өзгөртүүсүз калганын шаардык соттон билдиришти.

"Албек Ибраимовдон башка айыпталуучулардын баарынан үй камагында болуу чечими алынды. А.Т.Сасыбаеванын, Б.Р. Мырзабекованын А.Т.Тулебердиева жана А.Г.Гүлжигитованын өлкөдөн чыкпоо боюнча чечими дагы алынды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин "Дастан" ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата "коррупция" беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган.

Ал эми 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр кызматын аркалаган Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган. Бирок жактоочулар макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: