super.kg logo

Өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар толугу менен берилип бүттү

 

Өлкөдөгү 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттарды толук алып бүтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жалпысынан 9-классты аяктагандарга 105 миң 689 күбөлүк жана 11-классты бүтүргөндөргө 60 миң 533 аттестат берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук талкууга койду.

"Мурдагы кемчиликтердин алдын алуу максатында министрлик, Кыргыз билим берүү академиясы, жогорку окуу жайлар менен биргеликте ведомстволор аралык топ тарабынан бирдиктүү мамлекеттик документтерди иштеп чыкты. Бардык документтер өз убагында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: