super.kg logo

Улуу Британия, Австрия, Азербайжан, Италия... "Кыргыз почтасы" дагы кайсы өлкөлөр менен ишин жандантты (тизме)

 

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик кызматы 24 өлкө менен болгон ишин жандантты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, почта кызматтары Улуу Британия, Австрия, Азербайжан, Италия, Венгрия, Грузия, Литва, Латвия, Дания, Испания, Нидерланды, Болгария, Орусия, Украина, Германия, Өзбекстан, Молдова, Польша, Чехия, Франция, Финляндия, Швейцария мамлекеттери менен ишин баштады.

"Каттар, салмагы 2 килограммга чейинки бандероль (ред:басма же жазма нерселерди почта аркылуу жиберүү формасы), чакан баштык, почта карталарын жөнөтүүгө болот. Мындан тышкары "М" белгиси бар каптарга салынган китеп, кагаз жана журналдар кабыл алынат. Бирок бул каптагы жүктүн салмагы 14 жарым килограммдан ашпашы керек. Бардык эл аралык кат алмашуулар аптасына бир гана жолу ишке ашат. Андыктан аманаттар дарегине кечирээк жетиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, коронавирус пандемиясына байланыштуу почта кызматы 18-мартта 40 мамлекет менен, ал эми 27-марттан баштап бардык багыттар боюнча ишин токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
25.06.2020. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен.
Болгону кызмат баалары жонундо кененирээк маалыматты дагы жазсанар жакшы болмок.
2 кгга чейинки баа
14,5 кгга болгон баа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: