Орусияда өткөн Жеңиш парадында бут кийимин жоготкон "күлчү кыз" сыйланат (фото)






Орусиянын Калининград шаарында өткөн Жеңиш парады учурунда маршта басып бара жаткан кыздын бир бут кийими чечилип кеткен. Ал ыңгайсыз абалга карабастан, жүрүшүн улантып кеткен видеосун орус телеканалдарынын бири көрсөткөн.
Видео интернет айдыңына тез тарап, социалдык тармактын колдонуучулар аны "күлчү кыз" ("Золушка") деп аташкан. Бул окуя Балтика флотунун командири Александр Носатовго дагы жеткен. Ал маанилүү иш-чарада эч кимге билгизбей, милдетин аткарган айымга ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле Носатов милдетин так аткарган айымдын аты-жөнүн тактап, анын сыйланарын айткан.
24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад болуп өттү. Парадга Орусиянын президенти Владимир Путинден тышкары Беларустун президенти Александр Лукашенко уулдары менен, Казакстандын, Тажикстандын, Молдованын жана башка өлкөлөрдүн президенттери катышты. Ал эми салтанатка чакырылган айрым өлкөнүн лидерлери ар кандай себептерден улам парадга күбө боло алган жок. Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, 5 мамлекеттин өкүлү парадга катышкан жок. Анын себебин шилтемеден окусаңыз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

Жашоодо көрө албастыктан башка кокустук,байкабастык дегендер да жашайт