super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

 

Жогорку Кеңеш “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Айсулуу Мамашова долбоор жашы жете элек баланы багуу үчүн жетиштүү алименттерди туруктуу төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды карай турганын айтты. Бул алиментти толук өлчөмдө ала албай жаткан балдардын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле курагына ылайык балага жашап туруу минимумуна керектүү ата-эненин иштеп тапканына же башка кирешесине карата үлүштүк деңгээлде өндүрүп алынуучу алименттин төмөнкү өлчөмү белгиленген.

Андан тышкары карызкордун өзүнүн алименттик милдеттенмелерин аткаруу максатында сот аткаруучусу тарабынан карызкордун сыртка чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтомду чыгаруусу үчүн мөөнөттү белгилөө ушул долбоордо каралган негизги нормалардын бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: