super.kg logo

"Үлүл кабыктарынын тоосу", "Көк-жашыл түстөгү көл". Кыргыз өлкөсүндөгү сөзсүз көрүш керек болгон жерлер

 

Жай мезгили келип, өлкөдө туристтик сезон башталды. Бирок жылдагыдан айырмаланып сырттан келгендер, өлкөдөн башка мамлекетке саякатка кетүүчүлөрдүн агымы жок. Буга себеп коронавирус пандемиясы. Дүйнө жүзүн каптаган таажы вирусу Кыргыз өлкөсүн дагы кыя өткөн жок. Демек быйыл ички туризм күч алышы мүмкүн. Албетте, өлкөдө эс алууну өткөрүүнү каалагандар биринчи кезекте Ысык-Көлгө шашылышат, андан кийинки орундарда баарына маалым болгон Сары-Челек, Соң-Көл, Таш-Рабат, Сулайман-Тоо эске түшөт. Төмөндө жети дубандан чогулган сиз көрүшүңүз керек болгон кооз жерлердин топтомун сунуштайбыз.

Көк-Түз жайыты - Ысык-Көл облусу. Каракол жана Ак-Суу капчыгайларынын ортосунда жайгашкан. Көк-Түз - аты айтып тургандай жашыл түс дегенди билдирет. Жергиликтүү калктын айтуусунда Көк-Түздун жери тегиз, жаратылышы кооз болгондуктан эс алууга ыңгайлуу. Башка туристтик жайлардай эле бул жакта дагы боз үйлөр тигилип, кымыз сатылат. Жай мезгилинде чөптүн бийиктиги адамдын бою менен тең болуп өсөт.

Киров суу сактагычы - Талас облусу. Манас жана Кара-Буура райондорунун ортосунда жайгашкан. Албетте, бул жер эс алуу үчүн ыңгайлашкан эмес. Бирок Киров суу сактагычына таң атып бараткан учуруна туш келген ар бир адам көңүл кош калбайт. Анткени күндүн чыгып келе жаткандагы маалы аябай кооз көрүнөт.

Сары-Тоо - Баткен облусу. Бул жерди жергиликтүү калк "үлүл кабыктарынын тоосу" деп атап коюшкан. Анткени Сары-Тоо 480 миллион жыл мурун Сармат деңизинин түбү болгон деген уламыш бар. Мындан улам бул жерде суу жок болгону менен саякатка келгендер илгерки үлүл кабыктарын көрө алат. Сары-Тоодо ар кандай түстөгү жана формадагы укмуштуудай гүлдөр өсөт.

Шах-Фазил мавзолейи - Жалал-Абад облусу. Мавзолей X-XII кылымдарда Караханиддер доорунда курулган. Учурда ал Гулистан айылында жайгашкан. Шах-Фазил ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесине кирген. Мындан тышкары мавзолей жайгашкан жерде Арча-Мазар деген мазар бар.

Шар шаркыратмасы - Нарын облусу. Шаркыратма Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынан ары 16 чакырым алыстыктагы Кайыңды коктусунун төрүндө жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул шаркыратма бийиктиги боюнча Орто Азияда 2-орунда турат. Анын бийиктиги болжол менен 220 метрден ашат.

Кулун-Ата коругу - Ош облусу. Фергана жана Алай тоо кыркаларында жайгашкан. Капчыгайда Кулун жана Орто-Көл деген эки кооз тоо көлдөрү жайгашкан. Мындан тышкары Кулун-Атада пайдалуу чөптөрдүн түрү өсөт. 100 миңден ашуун жандык, куштардын түрүн дагы ушул жактан көрсө болот.

Көл-Төр - Чүй облусу. Кегети коктусунун төрүнөн орун алган. Бишкек шаарынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көл-Төр өлкөбүздөгү кооз көлдөрдүн бири. Анын түсү көк-жашыл түстө болуп турат. Туристтерди кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(3)
26.06.2020. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушу жерлерге барганга убакыт жок. Убакыт болсо деле баалап барбайбыз. Ар кайсы иштер чыгып калат болду ошо мн эле туйшук тартып ото беребиз. Чыгынып барсан кана уй булоо, досторун менен.
26.06.2020. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Көздөн учат го мекенибиз,карантин болуп бул жерлерге эмес Кыргызстанга жете албай отурабыз бир кем дүйнө. Жөн эле айылга барып жата калып суу ичкен канчалык Аллах субханаку таъааланын бизге берген белеги го. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул бизде жөнөкөй крандан аккан суунун баасын билбейбиз.
26.06.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шар шаркыратма менен Көл-Төргө баргым келди менин, кудайым буйруп убактысы келсе сөзсүз барам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: